Илон Маск Трамп тууралуу жазган постору үчүн өкүнүп жатканын билдирди
Америкалык миллиардер Илон Маск АКШнын президенти Дональд Трамп тууралуу билдирүүлөрү үчүн өкүнүп жатканын билдирди. Бул билдирүүлөр өткөн аптада алардын ачык кайым айтышуусуна алып келген болчу, деп жазат "CentralAsia".
«Өткөн аптада президент Дональд Трамп тууралуу айрым постторум ашыкча кетти, мен алар үчүн өкүнөм», — деп жазды Илон Маск X социалдык тармагында.
Миллиардер менен президенттин ортосундагы тиреш Маск Өкмөттүн эффективдүүлүгү боюнча департаменттин (DOGE) башчылыгынан кеткенден кийин башталган. Маск президент кол койгон бюджет долбоорун «жийиркеничтүү жосунсуздук» деп атаган. Муну уккан Трамп Маск акылынан адашты деп, анын компаниялары менен түзүлгөн мамлекеттик келишимдерди жокко чыгаруу менен коркуткан. Өз кезегинде Маск Crew Dragon космос кемелеринин ишин токтотууга убада берген, бирок кийин бул оюнан кайтып кеткен. Ошондой эле ал президентти сексуалдык кылмыштар үчүн соттолгон финансист Жеффри Эпштейндин ишине тиешеси бар деп айыптаган, бирок бул билдирүүсүн кийин өчүрүп салган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.