Орусиянын ТИМи Өзбекстандын мигранттар боюнча тынчсыздануусуна жооп берди

 

Орусия Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги жөнөткөн, мигранттарга карата орой мамиле жасалганына байланыштуу тынчсыздануусун камтыган нотадагы маалыматты кылдат карап чыгууда. Бул тууралуу РБК агенттигине Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди, деп жазат "CentralAsia".
 
«Бизде укук коргоо жана башка кызматтар аркылуу түз байланыш каналдары бар. Союздаштар ортосунда адаттагыдай эле, сүйлөшүү ачык жүрөт жана ар бир сигнал кылдаттык менен каралат. Өзбек тараптын бул кайрылуусу тиешелүү органдарга жеткирилди. Алынган объективдүү маалымат белгиленген тартипте өнөктөштөргө берилет», — деди Захарова.
 
Ошондой эле ал Орусия менен Өзбекстандын ортосунда «союздаштык жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө негизделген бекем мамиле бар» экенин, жана эки тараптуу бардык маселелерге дал ушул көз караштан караларын баса белгиледи.
 
Мунун алдында Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги эки өлкөнүн дипломаттарынын жолугушуусунда Ташкент Москвада өзбек жарандарына карата «уруксатсыз текшерүүлөр, сыйлабастык жана орой мамиле тууралуу» билдирүүлөр боюнча тынчсыздануусун билдиргенин маалымдаган.
 
Өзбек тарап эл аралык укукту жана адам укуктарын бардык жарандарга карата сактоону камсыздоого чакырып, Орусиянын тиешелүү органдарынан өзбек жарандарына урмат менен мамиле кылууну, алардын ар-намысын жана кадыр-баркын тебелебөөнү өтүнгөн. Өзбекстандын элчилиги бул боюнча түшүндүрмө берүү өтүнүчү менен Орусиянын ТИМине нота жөнөткөн.
 
Өзбекстандын Тышкы эмгек миграциясы агенттигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, 8-июнда Москвадагы Сокольники районунда болгон текшерүү маалында ОМОН кызматкерлери «убактылуу иштеп жүргөн чет элдик жарандарга карата физикалык күч колдонгон». Рейддин жыйынтыгында документтеринде көйгөйлөрү бар делген алты адам кармалган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз