Индиядагы авиакырсыкта бир гана адам тирүү калды
Британ жараны Вишвашкумар Рамеш Индиядагы авиакырсыктан аман калган жалгыз адам болуп саналат, деп билдирет BBC.
Учак Индиянын батышындагы Ахмедабад шаарынан учуп чыккандан көп өтпөй кыйрап түшкөн. Рамеш Лондонду көздөй багыт алган Boeing 787 учагынын 11A орундугунда отурган.
Air India компаниясынын маалыматына караганда, калган бардык жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү каза болгон. Алардын ичинде 169 индиялык жана 52 британиялык жаран бар эле.
Рамешти дарылоого катышкан доктор Дхавал Гамети: «Ал өзүн жоготкон абалда болуп, денесинин ар кайсы жеринен көп сандаган жаракат алган. Бирок, ал өмүрүнө коркунуч жоктой көрүнөт», — деди.
Рамеш Индияда төрөлгөн, бирок 2003-жылдан бери Улуу Британияда жашап келген.
Учак көтөрүлүп чыккан соң бир мүнөт өтпөй эле дарыгер-интерндер колдонуп жүргөн турак жайларга урунган. Жерде канча адам каза болгону азырынча белгисиз.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.