Израиль Иранга карата аскердик операция баштады
Израиль Иран аймагындагы объекттерге каршы аскердик операцияны баштады. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху билдиргендей, соккулар Ирандын өзөктүк жана ракеталык программасына байланыштуу объекттерге багытталган, деп жазат "CentralAsiа".
Операция «Арстандын улуту» деген ат менен белгилүү болду. Нетаньяхунун айтымында, Израил армиясы Натанз шаарындагы уран байытуу боюнча башкы борборду, ошондой эле баллистикалык ракеталарды иштеп чыгуу менен байланышкан объекттерди аткылаган. Ал өзгөчө белгилегендей, өзөктүк курал жаратууга катышкан адистер да бутага алынган.
«Биз Ирандын өзөктүк программасынын жүрөгүнө сокку урдук. Операция коркунуч толук жоюлганга чейин уланат», — деп билдирди өкмөт башчы.
Аскердик аракеттер 13-июнга караган түнү башталган. Иранда бир нече аймакта жарылуулар болгонун кабарлашты. Израиль тарап операциянын биринчи этабы аяктаганын жарыялап, абадан коргонуу системаларын жогорку даярдыкка келтирди. Мындан сырткары, Тегерандын мүмкүн болуучу жооп иретиндеги соккуларына даяр болуу үчүн өлкөдө өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.