Алайда 6 үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду
Гүлчөдө фин тибинде салынган үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду. 6 үй-бүлө жашап жаткан. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.
Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн Гүлчө айылына кире беришинде барак тибиндеги финский үйдөн өрт чыгып, бир аял каза болду.
Жергиликтүү тургундарлын айтымында өрт, 12-июндан 13-июнга караган түнү саат 2:00дөр чамасында тутанган. Учурда өрттү өчүрүү иштери уланууда.
Алдын ала маалым болгондой, барак тибиндеги үйдө 6 үй-бүлө жашап келген.
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Нурсултан Тажибаевдин айтымында, жеринен барып кабар алып келген.
«Бул корпуста 6 үй-бүлө жашап жаткан. 7 адам алган жаратынан улам, ооруканага түшүп, 1 жалгыз бой эне каза болуп калды. Жеринде өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери иштеп жатат. 2 үй үйүн камсыздаган экен. Калган жарандарыбыз бактыга жараша убагында үйүнөн чыгып үлгүрүп калышкан»,-деди айыл өкмөт башчы.
ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиргендей, өрттү толук өчүрүү иштери уланууда.
Бүгүн саат 02:28де Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл аймаганын Гүлчө айылынын Абдыжунусов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн( жыгач үй) өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 02:29да Алай райондук №68 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Кошумча саат 02:36да Алай райондук №68 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган.
Өрт саат 02:45-өрт курчалып, саат 06:20да 1 адамдын жансыз денеси табылган.
Учарда үйдүн жер төөлөсүнөн түтүн чыгып, өрттүн толук өчүрүү иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет .
1 адамдын сөөгү табылды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.