Израилдин чабуулунун натыйжасында Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы каза болду

Израилдин чабуулу натыйжасында Иран Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Мохаммад Багери каза тапты. Бул тууралуу Ирандын Mehr жана ISNA агенттиктери билдиришти, деп жазат "CentralAsia".

Каза тапкандардын арасында Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачысы, генерал-майор Хосейн Салами, бул корпуска караштуу бир катар жогорку кызматтагы офицерлер, ошондой эле Ирандын өзөктүк физика тармагындагы адистер — Ирандын Атом энергиясы боюнча уюмунун мурдагы башчысы Ферейдун Аббаси жана Исламдык Азад университетинин президенти Мохаммад Мехди Техранчи да бар.
 
ISNA агенттигинин маалыматына караганда, "Хатам" базасынын башчысы, генерал-майор Голям-Али Рашид да каза болгон.
 
Ирандын Жогорку лидери аятолла Али Хаменеи «бир нече командир жана илимпоздор» өлгөнүн ырастады жана алардын ордун баса тургандар «дароо өз милдеттерин аткарууга киришкенин» билдирди. Ал Израилдин бул аракеттери жоопсуз калбайт деп убада кылды.
 
Израил бийлиги чабуул Ирандын өзөктүк программасына тиешеси бар объекттерге жасалганын билдирди. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху Иранда тогуз өзөктүк дүрмөт жасоого жетиштүү байытылган уран бар экенин айтты. Израилдин аскерий чалгын кызматынын маалыматына ылайык, Тегеран өзөктүк курал жасоо багытында «кайрылгыс чекке» жакындап калган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз