Иран дүйшөмбү күнү түнү Израилга дагы ракета атты

Иран 16-июнга караган түнү Израилге ракета менен сокку урду, үч адам каза болуп, 67 киши жаракат алды. Бул тууралуу CNN Израилдин тез жардам кызматы Magen David Adomго шилтеме берип кабарлады, деп жазат "CentralAsia".

"Соккулар Израилдин борбордук жана жээгиндеги бир нече объектилерине, анын ичинде турак жай имараттарына багытталган", — деп жазат басылма.
 
Израилдин Электр кубаты боюнча корпорациясынын маалыматына ылайык, Ирандын соккулары өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү электр тармагына зыян келтирген.
 
CNN белгилегендей, сокку урулган аймактагы видеолор ракета Хайфа шаарындагы мунай иштетүүчү заводдун жанындагы райондо жарылганын көрсөтөт. Tasnim агенттиги соккудан кийин өрт чыкканын маалымдады.
 
Кошумча курмандыктарды эске алуу менен, жума күнү эки өлкө ракеталык чабуулдарды алмаштыра баштагандан бери, Израилде жалпы каза болгондордун саны 17ге жетти.
 
Ирандын расмий ММКлары жекшемби күнү жарыялаган Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, кагылышуулар башталгандан бери Иранда кеминде 224 адам каза болуп, 1277 киши ооруканага жеткирилген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз