Бильярд боюнча дүйнө чемпионаты: Эки кыргызстандык спортчу 1/8 финалга чыкты
Кыргызстандан эки спортчу Орусияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында бильярд боюнча 1/8 финалга чыгышты.
«Эркин пирамида» дисциплинасындагы турнир ушул күндөрү Сургут шаарында өтүп жатат.
Мелдешке 26 өлкөдөн 96 спортчу катышууда, алардын арасында Кыргызстандан 7 спортчу күч сынашууда.
15-июнда 1/16 финалдык беттештер өтүп, төрт кыргызстандык спортчу оюнга чыкты. Дастан Лепшаков менен Сыймык Урайымов атаандаштарын жеңип, 1/8 финалга чыгышты.
Арсен Калыбек уулу менен Азиз Мадаминов болсо атаандаштарына утулуп, медал үчүн күрөштөн четтешти.
Ал эми 1/32 финалда Каныбек Сагынбаев россиялык Виктор Локтевге утулуп, мелдештен чыгып калды.
1/8 финалдык беттештер 16-июнда өтөт.
Дастан Лепшаков – Жамолиддин Кучкаров (Өзбекстан)
Сыймык Урайымов – Максим Кочкин (Орусия)
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.