Шашылыш билдирүү: 17-19-июнь күндөрү 41 градустан жогору ысык болот

Кыргызстандын аймагында 17-19-июнь күндөрү аба ырайы абдан ысык болуп, абанын максималдуу температурасы акырындык менен жогорулай турганы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
 
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндүү аймактарында күндүз абанын температурасы +39...+41° чейин көтөрүлөт. Талас облусунун өрөөнүндө болсо +36...+38° чейин жетет.
 
Мындай ысык аба ырайында организмдин суусузданышынан жана күн өтүүдөн сактануу үчүн түз күн нурунан оолак болуу, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн көп сугаруу сунушталат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз