Иран Израилдеги мунайды кайра иштетүүчү заводго сокку урду. Каза болгондор бар

Хайфедеги мунайды кайра иштетүүчү заводдун ээси болгон Bazan компаниясы дүйшөмбү күнү кечинде экинчи ирандык соккудан кийин завод толугу менен токтотулганын жарыялады, деп жазат "CentralAsia".

Jerusalem Post гезити билдиргендей, компания Ирандын ракетасы заводду буу жана электр энергиясы менен камсыз кылган электр станциясына олуттуу зыян келтиргенин түшүндүрдү.
 
Bazan Израилдин Электрокорпорациясы менен кызматташтыкта заводго электр берүүнү мүмкүн болушунча тезирээк калыбына келтирүүгө убада берди.
 
Компания маалымдагандай, сокку учурунда заводдун үч кызматкери каза болду.
 
Ал эми бул дем алыш күндөрү иран ракеталары Хайфедеги мунайды кайра иштетүүчү заводду буга чейин эле аткылаган. Ал кезде расмий маалыматка ылайык, ракеталар куурларды жабыркаткан жана завод жарым-жартылай ишин токтоткон.
 
Израилдин Энергетика жана инфраструктура министрлиги дүйшөмбү күнү Bazan компаниясынын билдирүүсүнөн кийин өлкө толук күйүүчү май менен камсыз экенин ырастады.
 
Хайфедеги завод — Израилдеги эки мунайды кайра иштетүүчү ишкананын бири.
 
Эки күн мурда Израиль Тегерандын түндүк-батышындагы Шахран шаарчасындагы мунай кампасына жана шаардын түштүгүндөгү күйүүчү май сактагычына сокку жасаган болчу.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз