Израиль Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясынын имаратына сокку урду
Израилдин Аба күчтөрү Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясы — «Иран Ислам Республикасы үнү» (IRIB) жайгашкан имаратка аба соккусун жасады. Бул тууралуу Fars жана Mehr агенттиктери кабарлашты, деп жазат "CentralAsia".
Буга чейин Израилдин коргоо армиясы Тегерандын түндүк-чыгышында жайгашкан үчүнчү райондун тургундарына фарси тилинде эскертүү берип, аларга «белгиленген аймакты тез арада таштап кетүүнү» сунуштаган. Себеби жакынкы сааттарда израилдик аскерлер «иран режиминин аскердик инфратүзүмүнө каршы чара көрүшмөкчү» экени айтылган. Ruptly агенттигинин Тегерандагы кеңсесинин жетекчиси Израил тараптан турак жай районунда жайгашкан видеоагенттиктин кеңсесине чабуул болору тууралуу эскертүү алганын билдирген.
Эскертүүдөн 40 мүнөт өткөн соң Израилдин коргоо армиясы Тегеранда аскердик объектилер аткыланып жатканын жарыялап, «жагдайдын өнүгүшүнө жараша кошумча маалымат берилерин» айткан.
Соккудан бир нече мүнөт өткөн соң Fars агенттиги түз эфирдеги берүүлөр кайра жанданып баштаганын маалымдаган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.