Бүгүн Кыргызстандын жаштар курамы Иран менен финалдык мелдешти өткөрөт
Кыргызстандын жаштар курамасы бүгүн, 17-июнда Ирандын курамасы менен беттешет.
20 жаштан жогору эмес оюнчулардан түзүлгөн командалардын оюну Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) чемпионатынын финалдык этабында өтөт.
Оюн Тажикстандын Гиссар шаарындагы «Борбордук» стадиондо өтөт, башталышы — Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө.
Топтук этапта Кыргызстан Ооганстанды 3:0 эсебинде жеңип, Тажикстан менен 1:1 эсебинде тең чыгып, А тайпасында 1-орунду ээледи.
Иран болсо В тайпасында Түркмөнстанды 1:0 эсебинде утуп, Өзбекстан менен 0:0 эсебинде тең чыгып, 1-орунду камсыздады.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.