Трамп Тегерандын тургундарын эвакуация болууга чакырды

АКШнын президенти Дональд Трамп Твиттер аркылуу билдирүү жасап, Тегеран шаарындагы бардык тургундарды шашылыш түрдө эвакуация болууга чакырды, деп жазат "CentralAsia".

«Иран мен буйрук кылган “келишимге” кол коюшу керек болчу. Өкүнүчтүү, канча адам бекеринен көз жумду. Жөнөкөй тил менен айтканда, ИРАН ЯДРОЛУК КУРАЛГА ЭЭ БОЛБОШУ КЕРЕК. Мен муну кайра-кайра айтып келгем! Бардык адамдар Тегерандан шашылыш түрдө чыгып кетиши керек!», — деп жазылган Трамптын TruthSocial'дагы билдирүүсүндө.
 
Бул Трамптын билдирүүлөрүндө көп кездешчүдөй, ал эмне так айткысы келгенин түшүнүү кыйын.
 
Би-би-синин кабарчысы Энтони Зуркер азыр Трамп менен бир жерде — Канадада өтүп жаткан «Жетилик» саммитинде — болуп, АКШ президентинин маалымат каражаттары менен байланыш боюнча жардамчысынан түшүндүрмө сураган. Бирок ал ак үйдүн басма сөз кызматына кайрылууну сунуштаган.
 
Тегерандан эвакуация тууралуу билдирүүдөн кийин Трамп дагы эки кыска билдирүү жазган. Алардын биринде мындай делет: «АМЕРИКА БААРЫНАН ЖОГОРУ деген сөздүн ичинде көп КЕРЕМЕТ маанилер жатат, алардын бири — ИРАН ЯДРОЛУК КУРАЛГА ЭЭ БОЛБОШУ КЕРЕК деген чындык. АМЕРИКАНЫ КАЙРА УЛУУ КЫЛАЙЛЫ!!!»

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз