Израиль Ирандын армиясынын Башкы штабынын жаңы башчысы өлтүрүлгөндүгүн билдирди
Израилдин Коргоо армиясы Ирандын Башкы штаб жетекчиси болуп дайындалган Али Шадманинин өлтүрүлгөнүн жарыялады. ЦАХАЛдын басма сөз кызматы маалымдагандай, генерал кечээ кечинде Тегеранга жасалган сокку учурунда каза болгон, деп жазат "CentralAsia".
Израиль армиясынын билдирүүсүндө Али Шадмани Ирандын лидери Али Хаменейдин жакын кишилеринин бири экени айтылат. Ал эми Иран бул маалыматты азырынча ырастай элек.
Буга чейин Ирандын Башкы штабын жетектеген КСИРдин генерал-майору Мохаммад Багери 13-июнга караган түнү болгон Израилдин алгачкы соккулары учурунда каза тапкан. Ошол эле күнү КСИРдин командачысы Хосейн Салами жана бир нече өзөктүк илимпоздор да өлтүрүлгөн.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.