Иран Израилдин асманын толук көзөмөлгө алганын кабарлады
Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) Ирандын аба-күчтөрү түнкү чабуул маалында Израилдин асманын толук көзөмөлгө алганын жарыялады. Бул тууралуу IRNA агенттиги билдирди, деп жазат "CentralAsia".
«Бүгүнкү ракеталык чабуул биз оккупацияланган аймактардын (Израилдин) асманын толук көзөмөлгө алгандыгыбызды жана ал жактагы тургундар иран ракеталык чабуулдарынын алдында таптакыр корголбогонун көрсөттү», — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, The Times of Israel басылмасы КСИР Тель-Авив шаарынын тургундарын эвакуациялоого чакырып, шаардын түндүк бөлүгүнөн чыгып кетүүнү эскерткенин жазды.
Буга чейин Израил армиясы (ЦАХАЛ) Иран тараптан ракеталардын учурулганын аныктаган. Израилдин Yedioth Ahronoth басылмасы Иерусалим шаарынын аймагында катуу жарылуулар болгону тууралуу маалымдады. Басылманын маалыматына караганда, Иран Израил тарапка болжол менен 20 ракета учурган.
13-июнга караган түнү Израиль Иранга каршы аскердик операцияны баштаган. Израиль тарап Иран ядролук курал жасоо боюнча олуттуу ийгиликтерге жетти деген жүйө келтирген. Операциянын жүрүшүндө ядролук объектилерге, аскер жетекчилерине, ядролук физиктерге, аба базаларына, абадан коргонуу каражаттарына жана “жер-жер” типтеги ракеталарга чабуул жасалган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.