Кыргызстандын АКШдагы элчиси Трампка ишеним грамоталарын тапшырды

АКШдагы Кыргызстандын элчиси Айбек Молдогазиев 11-июнда Вашингтондо Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трампка ишеним грамоталарын тапшырды, деп жазат "АКИпресс" агенттиги.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, элчи Молдогазиев президент Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, Кыргызстан менен АКШнын өз ара кызыкчылык жараткан тармактар боюнча кызматташуусун мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.
 
Өз кезегинде АКШ президенти өлкөлөр ортосундагы бекем, ишенимдүү жана достук мамилелерди тереңдетүүгө, ошондой эле жалпы күн тартибин илгерилетүүгө ниеттенгенин белгиледи.
 
Мындан тышкары, Дональд Трамп эки тараптуу кызматташуунун ар кыл багыттары боюнча конструктивдүү диалогду улантуу боюнча АКШнын турумун дагы бир жолу тастыктады.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз