Иранды АКШнын кайсы аскердик базалары курчап турат жана кайдан алгачкы соккулар орун алышы мүмкүн?
АКШ, Израиль жана Ирандын ортосундагы чыңалуунун күчөшү фонунда эксперттердин көңүлү АКШнын Иранды курчап турган аскердик инфраструктурасына бурулууда. Вашингтон Иранды батыштан, түштүктөн жана чыгыштан камтыган кеңири аскердик базалар тармагына ээ. Бул базалар АКШга аба жана ракеталык күчтөрдү кыска мөөнөттө жайгаштырып, операцияны баштоого мүмкүндүк берет. Аталган объектилер логистика жана чалгындоо жагынан да маанилүү болуп саналат жана Иран тараптан ыктымал жооп соккулардын бутасына айланышы мүмкүн, деп жазат "CentralAsiа" басылмасы.
Иранды тегеректеп кеминде сегиз туруктуу америкалык аскердик база жана бир нече убактылуу объектилер, оперативдик пункттар жайгашкан. Төмөндө Ирандын тегерегиндеги негизги базалардын тизмеси келтирилген:
Бахрейн
АКШнын 5-флотунун штабы (Naval Support Activity Bahrain)
— Перс булуңундагы стратегиялык аскер-деңиз базасы.
— АКШнын аскер-деңиз күчтөрүнүн негизги операциялык борбору.
Катар
Аль-Удейд аба базасы (Al Udeid Air Base)
— АКШнын чет өлкөлөрдөгү эң ири аба базасы.
— 10 миңден ашуун америкалык аскер кызматкери.
— Жакынкы Чыгыштагы аба операцияларын башкаруу борбору.
Кувейт
Кемп Арфджан (Camp Arifjan)
— Ирак жана региондогу операциялар үчүн ири кургактагы база жана логистикалык түйүн.
Кемп Бьюринг (Camp Buehring)
— Аскерлерди “ысык чекиттерге” жиберүүдөн мурун даярдоочу борбор.
Сауд Арабиясы
Принц Султан аба базасы (Prince Sultan Air Base)
— Истребителдерди жана абадан коргонуу системаларын жайгаштыруу үчүн маанилүү аба түйүнү.
Бириккен Араб Эмираттары
Аль-Дхафра аба базасы (Al Dhafra Air Base)
— MQ-9 Reaper сыяктуу чалгындоо жана сокку уруучу дрондор, ошондой эле F-22 жана F-35 истребителдери жайгашкан.
— Перс булуңундагы операцияларды колдойт.
Ирак
Айн аль-Асад аба базасы (Ain al-Asad Airbase)
— АКШнын Ирактагы ири базаларынын бири, мурда чабуулга дуушар болгон.
Эрбил жана Багдаддагы базалар
— ИГИЛге каршы күрөштү жана жалпы чалгындоону колдойт.
Иордания
Мууаффак Салти аба базасы (Muwaffaq Salti Air Base / Азрак)
— ИГИЛге каршы операциялар жана Иранды көзөмөлдөө үчүн колдонулат.
Түркия
Инджирлик аба базасы (Incirlik Air Base)
— Ресми түрдө Иранга каршы эмес, бирок АКШ жана НАТО тарабынан Сирия жана Ирактагы операцияларда колдонулат.
— Бул жерде болжол менен 50 ядролук B61 авиабомбасы сакталат.
Бул объектилер Иранды курчаган аскердик жарым шакекти түзүп, АКШга авиацияны, абадан коргонуу системаларын, ракеталарды жана логистиканы ыкчам жайгаштырууга мүмкүндүк берет. Эгер кырдаал курчуса, бул базалар бир убакта АКШнын чабуулу үчүн старттык плацдарм болуп, Ирандын алгачкы жооп мишендерине айланышы мүмкүн.
Мындан тышкары, Иранга карата аскердик инфратүзүмдүн маанилүү элементи катары Инд океанындагы Диего-Гарсия аралындагы аба базасы эсептелет. Бул обочолонгон, бирок стратегиялык жактан маанилүү атолл 3,6 кмден ашкан эки учуп-конуу тилкесине ээ, алар B-2 Spirit өңдүү оор бомбалоочу учактарды кабыл алып, тейлей алат. Аналитиктердин баалоосу боюнча, дал ушул база 61 метрге чейин жер алдындагы объекттерди жок кыла ала турган GBU-57 MOP (Massive Ordnance Penetrator) типтеги өтө күчтүү бомбалар менен сокку уруу үчүн колдонулушу мүмкүн.
Жыйынтыктап айтканда, Кувейттен Иорданияга, Бахрейнден Катарга чейинки бул базалар тармагы Иранга каршы массалык соккуну камсыздай турган тыгыз аскердик шакекти түзөт. Эгер жаңжал тутанса, алар АКШнын аскердик күчтөрүнүн плацдармы да, ирандык ракеталардын бутасы да болушу мүмкүн.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.