Аба ырайы боюнча адис эмне үчүн ысык болуп жатканын айтты

17–19-июндагы аномалдуу ысыктын себеби — Борбордук Азиянын үстүндө орун алган туруктуу антициклон. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин аба ырайын алдын ала билдирүү бөлүмүнүн башкы адиси Айзада Абдывалиева "АКИпресс" агенттигине маалымдады.

«Бул күчтүү жогорку басымдагы борбор муздак фронттордун өтүшүнө тоскоол болуп, түндүктөн салкын абанын киришин токтотуп турат. Мындай шартта шамалсыз, ачык аба-ырайы түзүлүп, абанын жана жер бетинин катуу ысуусуна алып келет. Натыйжада күндүзгү температуралар климаттык нормадан бир топ жогору болуп, аномалдуу ысык шарттарды жаратат», — деди синоптик.
 
Буга чейин Кыргызгидромет аномалдуу ысык боюнча шашылыш билдирүү тараткан. 17–19-июнда Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактарында күндүзгү аба ырайы +39…+41°Сге чейин, ал эми Талас облусунда +36…+38°Сге чейин көтөрүлөт.
 
Абдывалиеванын айтымында, ысык эң катуу Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөн аймактарында сезилет, бул аймактарда эң жогорку температуралар катталууда. Аба ырайы кургак жана дем алуу оор шартта өтүп жатат, түнкүсүн да салкындык дээрлик сезилбейт, бул болсо ыңгайсыздыкты андан ары күчөтөт.
 
Мындай аномалдуу ысык адамдын ден соолугуна кошумча жүк түшүрүп, өзгөчө балдар, кары-картаңдар жана өнөкөт оорулары бар адамдар үчүн күн тийип же ысыктан болгон соккулардын коркунучун арттырат. Ошондой эле бул айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн стресс болуп, топурактан нымдын тез бууланышына жана өсүмдүктөр үчүн суу тартыштыгына алып келет.
 
Аба ырайф боюнча ысыктын эң жогорку чеги 17–19-июнга туура келет, андан кийин температура бир аз төмөндөшү күтүлүүдө.
 
«Учурдагы аномалдуу ысык шартында Кыргызстанда кээ бир температуралык рекорддорго жакындашуу ыктымалдыгы бар. Бул Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөн аймактарында катталып жаткан күндүзгү эң жогорку температуралар тарыхта катталган эң жогорку көрсөткүчтөргө жакын болушу мүмкүн дегенди билдирет. Бирок бул рекорддорду так аныктоо жана тастыктоо үчүн метеомаалыматтардын тарыхый анализи талап кылынат», — деп белгиледи аба ырайын алдын ала билдирүү бөлүмүнүн башкы адиси.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз