Израиль Ирандын 20дан ашык аскердик объектерине сокку урганын билдирди
Израиль Тегерандын аймагындагы 20дан ашык аскерий объекттерге, анын ичинде Ирандын өзөктүк программасына жана ракета өндүрүшүнө байланыштуу жайларга «соккулар сериясын» жасады. Бул тууралуу Израилдин Коргоо армиясы (ЦАХАЛ) билдиргенин CNN кабарлады, деп жазат "CentralAsia".
Акыркы бир нече саат ичинде Израилдин Аба күчтөрүнүн 60 тик учагы «курал-жарак өндүрүш жайларына, центрифуга өндүрүүчү объекттерге, ошондой эле Иран режиминин өзөктүк курал иштеп чыгууга багытталган илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук борборлоруна сокку урду» деп айтылат Израил армиясынын билдирүүсүндө. «Бул объекттер Иран режимине уранды байытуу ишмердүүлүгүнүн көлөмүн жана ылдамдыгын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берүү максатында бутага алынган».
Иран уран байытуу жаатында олуттуу ийгиликтерге жетишкенине карабастан, анын өзөктүк программасы тынчтык максатында экенин бир нече жолу билдирип, атом бомбасын иштеп чыгып жатканын четке каккан.
Мындан тышкары, билдирүүдө акыркы соккулар Ирандын ракета чогултуу үчүн чийки зат жана компоненттер өндүрүүчү заводдоруна, ошондой эле абадан коргонуу системаларын өндүрүүчү объекттерине да багытталгандыгы айтылган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.