Иран Израилге алгачкы ирет өтө оор салмактагы "Сажил" ракетасын атты

Тегеран шаарынын аймагынан Израиль тарапка баллистикалык ракета атылган. Ракетанын учуп чыккан алгачкы секундаларын чагылдырган кадрларды жергиликтүү Telegram-каналдар жарыялашты, деп жазат "CentralAsia".

Ракета адаттагыдай түз сызык менен эмес, ийри, зигзаг сыяктуу буралып, башкача траектория менен учкан. Аны Ирактын аймагында атып түшүрүшкөн.
 
Tasnim маалымат агенттиги Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) уюмуна таянып билдиргендей, Иран биринчи жолу «Сажил» деп аталган эки баскычтуу, өтө оор баллистикалык ракетаны согуштук шартта колдонгон. Бул эки баскычтуу реактивдүү снаряддардын учуу аралыгы 2 миң чакырымга чейин жетет.
 
Маалыматта айтылгандай, Иран Израилдин аймагына ушундай үч ракета аткан.
 
КСИРдин билдирүүсүндө, Иран Куралдуу күчтөрү мурунку бир нече аскердик операциялар аркылуу Израиль армиясынын абадан коргонуу системасын талкалап, эми Израилдин аба мейкиндиги ирандык ракеталар жана дрондор үчүн ачык болуп калганын билдиришкен.
 
«Ракеталык чабуулдар максаттуу жана тынымсыз болот. Кечээ оккупацияланган аймактарда "Моссад" жана "Аман" чалгын кызматтарынын штабдарына, ошондой эле аскердик учактар жайгашкан базаларга сокку урулган», — деп айтылат билдирүүдө.
 
Ирандык аскерлер Израиль жарандарына эскертүү жасап, ракеталык соккулар улана берерин билдиришти.
 
«Кызыл сиреналар бир да мүнөткө тынбайт. Силерде эки эле жол бар: же тозок сыяктуу жашоодо бункерлерде "жай өлүмдү" тандайсыңар, же өмүрүңөрдү сактап калуу үчүн ата-бабаңар басып алган бул жерлерден тез арада качасыңар», — деп айтылат КСИРдин билдирүүсүндө.
 
«Сажил» – бул 2008–2009-жылдары Иранда иштелип чыккан орто аралыктагы баллистикалык ракеталардын түрү. Ракетанын согуштук бөлүгү учуу учурунда бөлүнүп чыга алат.
 
Израилдин маалыматына ылайык, акыркы ирандык чабуул бир эле баллистикалык ракетадан турган. Аны Израилдин абадан коргонуу системалары ийгиликтүү атып түшүргөн, — деп кабарлайт The Times of Israel.
 
Израиль армиясынын өкүлү, бригадалык генерал Эффи Дефриндин айтымында, Израил аба күчтөрү Ирандын батышына жаңы аба соккуларын уруп жатат. Ал кошумчалагандай, израилдик аскер учактары Тегеранга жакын жайгашкан, Иран тарабынан «Хезболла» уюмуна танкага каршы ракеталарды жөнөтүү үчүн колдонулган объектке сокку жасашкан. Мындан тышкары, Тегерандагы полиция башкармалыгына жакын жайгашкан жер да бомбалоого дуушар болгон.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз