Израилдин чабуулунан кийин каза болгон Ирандын генералынын ордуна жаңы башчы дайындалды
Генерал Мажид Хадеми Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) жаңы чалгындоо башчысы болуп дайындалды. Буга чейин бул кызматты аркалаган Мохаммад Каземи Израилдин соккуларынын кесепетинен каза болгон. Бул тууралуу Fars агенттиги билдирди, деп жазат "CentralAsia".
Иранга жасалган соккулардын алгачкы күндөрүндө КСИРдин командачысы Хоссейн Салами жана Иран куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Мохаммад Багери да каза тапкан. Кийинчерээк КСИРдин аба-космостук күчтөрүнүн дагы сегиз командири набыт болгону белгилүү болду.
13-июнда Израиль Ирандын эң ири ядролук жана коргонуу объектилерин бутага алып, «Эл арстандай» аттуу операциясын баштаган. Ошол эле күнү Иран «Чын ыйман 3» деген аталыштагы жооп операциясын баштап, Израилди дрондор жана баллистикалык ракеталар менен соккулаган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.