Мелис АЙтпеков Акжол Махмудов койгон 2000 долларды утуп алды
Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын машыгуулары уланууда.
Кыргызстанга башка өлкөлөрдөн да спортчулар келишкен.
19-июнда болгон машыгуу учурунда кыргызстандык Мелис Айтпеков менен Швейцариялык Дамиан фон Йовдун ортосунда таймаш өттү.
@uww_kg каналынын авторунун маалыматына караганда, бул беттештин жеңүүчүсүнө Акжол Махмудов 2000 доллар байге койгон.
Жыйынтыгында Айтпеков бул таймашты 8:0 эсебинде утуп алды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.