Трамп Иран менен Израил ок атышууну токтотууну макулдашканын билдирди
АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагында Иран менен Израил ок атышууну токтотууга макулдашканын билдирди. Анын айтымында, 6 сааттан кийин аскердик аракеттер 12 саатка токтотулат, андан кийин «согуш аяктаган деп эсептелет».
«24-сааттык (токолуш) учурунда дүйнө 12 күнгө созулган согуштун расмий аякташын тосуп алат», — деп жазды АКШ президенти.
«Мен эки өлкөнү — Израиль менен Иранды — бул "12 күндүк согуш" деп аталган окуяга чекит коюуга жетиштүү туруктуулук, эрдик жана акыл көрсөтө алгандыгы менен куттуктагым келет», — деп кошумчалады Трамп. Ал бул кагылыш жылдарга созулуп, бүтүндөй Жакынкы Чыгышты кыйратышы мүмкүн экенин белгиледи.
Израиль азырынча ок атышууну токтотуу боюнча билдирүү жасай элек. Ал эми Трамптын билдирүүсүнөн үч саат өткөндөн кийин Израилдин Иранга каршы жаңы чабуулдары болду. Бул болсо бардык тараптар макулдашууга жетиштиби деген суроо жаратат.
Ирандын мамлекеттик телеканалы Иран менен Израилдин ортосунда ок атышуунун токтотулганын жарыялады. Жетекчи бул токтолуш «душманга мажбурлап таңууланганын», Ирандын ракеталык жооптору ийгиликтүү болгонун айтты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.