Шавкат Мирзиёев жаңы кызмат түзүп, кызын жетекчилик орунга дайындады

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Президенттик администрациянын түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду, деп жазат "CentralAsia".

Жарлыкка ылайык, администрациянын түзүмүндө жаңы кызмат – Президенттик администрациянын жетекчиси деген кызмат орду түзүлдү.
 
Бул кызматка буга чейин Өзбекстан Республикасынын президентинин жардамчысы кызматын аркалаган Саида Мирзиёева дайындалды.
 
Буга чейин, тактап айтканда 2023-жылдын август айында, президент Шавкат Мирзиёев Президенттик администрациянын жетекчиси деген кызматты жоюу боюнча жарлыкка кол койгон эле. Бул кызматты аркалаган Сардор Умурзаков президенттин атайын тапшырмалар боюнча кеңешчиси болуп дайындалган.
 
Саида Мирзиёева — Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетинин бүтүрүүчүсү, Ташкент мамлекеттик юридикалык университетинин жана Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин магистранты, экономика илимдеринин кандидаты.
 
2019–2020-жылдары Президенттик администрацияга караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин директорунун орун басары болуп иштеген (агенттикти Комил Алламжонов жетектеген), андан кийин Улуттук массалык маалымат каражаттарын колдоо жана өнүктүрүү фондунун камкорчулар кеңешинин төраганын орун басары болуп иштеген (кеңештин төрагасы да Комил Алламжонов болгон). 2022-жылдын ноябрынан бери Президенттик администрациянын аткаруу аппаратынын коммуникация жана маалымат саясаты боюнча секторунун башчысы кызматын аркалап келген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз