Кайненесин өлтүрүүгө шектелген жаран 2 айга камалды

20-июнда күйөөсү тарабынан учту нерсе менен сабалды делген аялдын абалы туруктуу орто оор. Бул тууралуу Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынан билдиришти, деп жазат "Турмуш" басылмасы.
 
Маалыматка караганда, аталган аял Нейрохирургия бөлүмүнө которулган. Нес абалдан чыга элек.
 
«Ал аял бизге 20-июнь күнү 16:00дөн кийин түшкөн. Балта менен чапкан экен да. Башында 5-6 жеринде жарааты бар. Жарааты тазаланып, дарыланган. «Перелом височный кост» деп коет, оң жакта, ошол жакка да сокку урулган. Бирок, аны операция кылуунун кереги жок. Азырынча жараатын таңып, дарылап жатышат. Азырынча нес абалдан чыга элек (эмоциональный шок), көбүрөөк маалымат алуу мүмкүн эмес. 
 
Азыр абалы туруктуу ортоо оор. Нейрохирургия бөлүмүнө которулган»,- деп айтылат маалыматта.
 
Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул кылмышка шектүү катары кармалган жарандын баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камалган.
 
Буга чейин Ош ОИИБдин басма сөз кызматы Кара-Суу районунун Мады айыл аймагында күйөөсү аялы менен кайненесин учтуу буюм менен сайганын кабарлаган. 
 
Аталган окуядан кийин кайненеси каза болуп, аялы ооруканага түшкөн.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз