АКШнын аба соккулары Ирандын өзөктүк программасын жок кыла алган эмес, - ЖМК
Ирандын өзөктүк программасы жайгашкан Фордо аймагы. Сүрөт спутниктен АКШ абадан сокку ургандан кийин тартылган. 2025-жыл 22-июнь.
АКШнын үч ирандык ядролук объектке урулган соккулары Ирандын өзөктүк курал жасоо багытындагы прогрессин бир нече айга артка жылдырды. Бул тууралуу The New York Times басылмасы АКШнын аскердик чалгын кызматынын жашыруун баяндамасына таянуу менен жазды, деп жазат "CentralAsia".
Басылма АКШнын аскердик чалгын кызматынын 12 күнгө созулган Иран менен Израилдин ортосундагы согуш жана андан кийинки америкалык соккулар тууралуу алдын ала берген баалоосуна көз жүгүртө алган америкалык аткаминерлер менен сүйлөштү.
CNN телеканалы дагы аскерий чалгын кызматынын маалыматтарына таянып, АКШнын соккулары Ирандын өзөктүк программасын толугу менен жок кылбаганын кабарлады. Ал эми The Times of Israel басылмасы Израилдин чалгын кызматына шилтеме берип, америкалык жана израилдик соккулар Ирандын өзөктүк программасын бир нече жылга артка жылдырганы менен аны толук жок кылбаганын билдиргенин жазды.
The New York Times маалыматына ылайык:
Израил менен АКШнын соккулары Ирандын өзөктүк курал өндүрүшүн жарым жылга жетпеген убакытка артка жылдырды.
Согушка чейин америкалык чалгын кызматы Иран шашылыш түрдө жөнөкөй, аз кубаттуу өзөктүк курал жасоо үчүн жок дегенде үч ай талап кылаарын билдирип келген.
АКШнын чалгын кызматынын баяндамасына ылайык:
Соккулар Ирандын өзөктүк материалынын бир аз бөлүгүн гана жок кылды. Иран бийлиги байытылган урандын негизги бөлүгүн башка жакка чыгарып, жашырып үлгүргөн.
АКШ сокку урган объекттер күтүлгөндөй оор зыян тарткан эмес.
Эки өзөктүк объектке кире турган эшиктер урап түшкөн, бирок жер алдындагы бункерлер жабыркаган эмес. Бирок кайсы объекттер экендиги так жазылган эмес.
Фордо тоосунун ичиндеги өзөктүк объектте электр камсыздоо тутуму жабыркаган. Бул объектке Иран канчалык тез жетип, оңдоп-түзөө иштерин баштай алары белгисиз. Израил тарап да бул объект толук кыйраган эмес деген алдын ала баа берген.
Ак үй бул алдын ала баалоого макул эмес. CNN’ге берген комментарийинде Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт бул “деп айтылган” баа “жашыруун болгон, бирок аны чалгын кызматындагы жашыруун бир ийгиликке жетпей калган адам жайып жиберген” деди. Ливитт мындай маалыматтын тарашын Трампты шылдыңдоо жана учкучтарды каралоо аракети катары баалады.
АКШ 22-июнга караган түнү Ирандын өзөктүк программасына тиешелүү үч объектке — Фордо, Натанз жана Исфахан шаарларындагы жайларга сокку урган. Пентагондун айтымында, соккулардан кийинки зыянды баалоо иштери уланууда. Ал эми президент Дональд Трамп болсо үч объект тең “жок кылынды” деп билдирген. Бирок бул маалымат Иран тараптан ырасталган эмес.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.