24-июнда Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды
Кыргызстандын аймагында Тажикстанда болгон жер титирөө сезилди. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөө 24-июнда саат 12:36да болгон. Жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында, Кара-Тейит айылынан түштүк-батышты карай 15 чакырым, Баткен шаарынан түштүк-чыгышты карай 105 чакырым аралыкта жайгашкан.
Кыргызстандын калктуу конуштарында, тактап айтканда Кара-Тейит жана Карамык айылдарында, жер титирөөнүн күчү болжол менен 2,5 баллды түздү.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.