Малайзияда Садыр Жапаровду райсмий түрдө тосуп алуу аземи болду
25-июнда Путраджая шаарында президент Садыр Жапаров менен Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, азем Малайзиянын премьер-министринин кеңсеси жайгашкан «Пердана Путра» имаратында өттү. Башкы кире бериште Садыр Жапаровду Малайзиянын премьер-министри тосуп алды. Өз ара саламдашкандан кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.
Ардактуу кароолдун рота командири тосуп алуу рапортун берди. Андан соң Садыр Жапаров ардактуу кароол ротасын кыдырып чыкты.
Аземдин жүрүшүндө эки мамлекеттин делегация мүчөлөрү расмий түрдө тааныштырылды. Андан кийин Жапаров премьер-министрдин кеңсесиндеги Ардактуу коноктор китебине кол коюп, Өкмөт башчысынын жеке иш кабинети менен таанышты.
Азем аяктагандан кийин делегация башчылары сүйлөшүүлөр өтүүчү залга багыт алышты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.