Трамп TikTok'ту сатып алууну каалаган "бай адамдардан турган топ" бар экенин айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп TikTok социалдык түйүнүнө сатып алуучу табылганын билдирди, деп жазат Reuters.

«Айтмакчы, бизде TikTok үчүн сатып алуучу бар. Менимче, Кытайдын макулдугу керек болот жана президент Си, балким, макул болот», — деди Трамп.
 
Президенттин айтымында, сатып алуучу «абдан бай адамдардан турган топ» болуп эсептелет. Трамп мүмкүн болгон сатып алуучулардын аттарын ачыктаган жок, бирок «болжол менен эки жуманын ичинде» кененирээк маалымат берүүнү убада кылды. Ошондой эле ал келишимди бүтүрүү үчүн Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин макулдугу зарыл экенин белгиледи.
 
2024-жылдын жазында АКШнын өкүлдөр палатасы TikTok'ту негиздөөчү -  ByteDanceтен бөлүп чыгарбаса, платформаны тыюуга уруксат берген мыйзам кабыл алган. Конгресс социалдык тармакты улуттук коопсуздукка коркунуч туудурат деп эсептейт, анткени кытай өкмөтү америкалык колдонуучулардын маалыматтарын өткөрүп берүүгө мажбурлашы мүмкүн деген кооптонуулар бар.
 
Башында TikTok'тун АКШдагы бөлүмүн сатуунун мөөнөтү Трамптын инаугурациясынан бир күн мурун, 19-январга белгиленген эле. Президент кызматка киришкенден кийин бул мөөнөттү алгач 5-апрелге чейин, андан соң дагы 75 күнгө узарткан. Трамп администрациясы «келишимди жабуу үчүн TikTok жана Кытай менен кызматташууга үмүттөнүп жатканын» билдирген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз