Кара-Кулжада мыйзамсыз куралдар алынып, балыкка тор салгандарга айып пул салынды

Кара-Кулжадагы рейдде мыйзамсыз куралдар алынып, балыкка тор салгандарга айып пул салынды. Мындай маалыматты NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн “Барс-2” тобу жана КР ЖРЭжТК министирлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын аңчы адистери жана КР Балык өнөр жай департаментинин кызматкерлери менен биргеликте Ош облусунун Кара-Кулжа районуна ыкчам рейд өткөрүлдү.
 
«Иш-чаранын жүрүшүндө райондогу Биринчи-Май айылынын Асан-Кыя жайлоосунда жүргөн алты жаран текшерүүгө алынган учурда биринин куржунунан сайсыз ок атуучу эки курал табылды. Анда мыйзамдуу көтөрүүгө тиешелүү документери жок болуп чыккандыктан, жеринде акт түзүлүп, териштирүү максатынан Кара-Кулжа РИИБга өткөрүлүп берилди»,- деп айтылат маалыматта.
 
Рейд андан ары райондун Суу-Башы, Беш-Мойнок, Таруу-Пая, Кара-Суу жайлоолорунда уланды. 
 
Жыйынтыгында Кара-Суу жайлосунда эки жаран балык уулоо эрежелерин бузуп, тор салып жүргөн жеринен кармалышты. Аларга “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин атайын беренесине ылайык, 5500 сом өлчөмүндө административдик айыппул салынды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз