Ош: муниципалдык ишканаларда кадрдык өзгөрүүлөр болду
Ош шаардык мэриясынын муниципалдык ишканаларында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы өздүк булактарына таянып жазды.
Алдын ала маалыматка караганда, Ош суу канал муниципалдык мекемесинин башчысы Дөөлөтбек Көкөчөров Оштогу «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Аталган мекеменин мурдагы башчысы өз каалоосу менен кызматтан кетктен.
Ош суу канал муниципалдык мекемесинин башчысы болуп Талант Байкишиев дайындалды. Ал буга чейин Дөөлөтбек Көкөчөровдун орун басары болуп иштеген. Бул маалыматты Байкишев өзү Turmush басылмасына тастыктап, буйрук кечээ, 30-июнь күнү чыкканын билдирди.
«Ош –Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаилов Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын башчысы болуп дайындалды. Анын мурдагы жетекчиси Саибжан Турдуев бул маалыматты тастыктап, өз каалоосу менен кызматтан кеткенин, Нурбек Исмаилов жетекчи болуп дайындалганын кабарлады.
«Ош-Тазалык» ишканасына азырынча жетекчи дайындала электиги айтылууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.