Оштун мэри Жогорку Кеңештин депутатынын инисин өзүнө кеңешчи кылып дайындады

Ош мэриясы кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берди.

Маалыматк ылайык, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин буйругуна ылайык Ош шаарынын мэринин кеңешчиси болуп Козуев Семетей Абибиллаевич дайындалды.
 
Семетей Козуев Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуевдин иниси болуп эсептелет.
 
Ошондой эле, мэр дагы бир буйругу менен Тешебаев Мурадил Жолдошевичти Ош шаарынын мэриясынын агрардык чарба муниципалдык ишканасынын директору кылып дайындады.
 
Мурадил Тешебаев буга чейин Чүй облусунун Аламүдүн райондук администрациясынын башчысы – аким болуп иштеген. Ага чейин Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жетекчиси болуп иштеген.
 
Буга чейин Turmush басылмасы өздүк булактарына таянып, Ош шаардык мэриясынын структураларында кадрдык өзгөрүүлөр болгонун жазган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз