Оштогу “Келечек” борборунун директору чыр менен кызматтан четтеди

Ош шаарындагы “Келечек” балдар чыгармачылык борборунун директору Аида Жакыпбаева кызматтан алынды. Бул тууралуу шаардык кеңештин жыйынында вице-мэр Салтанат Аманова билдирди.
 
Бул чечим Ысык-Көлгө комуз сынагына барып катышып келүү маселесинен кийин коомчулукта бир катар нааразычылыктар чыккандан кийин кабыл алынган.
 
Буга чейин, т.а. ушул жылдын 24-июнунда борбордун 100гө жакын окуучусу беш маршрутка менен Ысык-Көл облусуна сапарга чыгып, автоунааларга батпай, кошумча отургучтарда отурушканын, окуучулардын арасында ата-энелер да жүргөнү тууралуу видео тартып, Ош шаарынын тургуну, окуучулардын биринин атасы Алтынбек Ташматов коомчулукка чыгарган.
 
Бүгүнкү сессияда "Мурас" фракциясынан депутаты Бекболот Арзибаев "Келечек" ушул боюнча маселе көтөрдү.
 
Ага вице-мэр Салтанат Аманова аталган борбордун 94 баласына 6 кичи автобустар бөлүнгөнүн, бирок, алар бир кичи автобустан баш тартышканын айтты. 
 
"Негизи 100 адам барыш керек эле. Бирок, 94 адам барган. Биз ошол балдарга 6 кичи автобус бөлүнгөн. Бир кичи автобустан алар баш тартышкан. Кичи автобустар 12 орундуу эмес, 18 орундуу болгон",- деди Аманова. 
 
Бекболот Арзибаев ата-энелер акча чогултканын, мэрия да акча бөлгөнүн айтса, Аманова: "Мэриядан атайын смета боюнча 600 миң акча бөлүнгөн",- деди.
 
Деген менен Арзибаев сессияга катышып жаткан ата-энелердин бирин көрсөтүп, ата-энелер да акча чогулткан белгиледи. Бирок, төрага Болот Баетов аталган жаранга сөз берүү регламентте карабастыгын, сөз берилсе регламент бузуларын айтты.
 
Бекболот Арзибаев кечирим сурап, аталган жаранга шилтеме берүү менен ар бир ата-эне 14 миңден чогултканын айтып, укук коргоо органдарын бул маселеге көңүл бурууга чакырды. 
 
"Сөзсүз каралат. Ата-энелер акча чогултпашы керек эле. Мэриядан акча бөлүнгөн",- деди С. Аманова.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз