Ош шаардык кеңешинин мурдагы төрагасынын аш борбору талкуу жаратууда

  
Бул тууралуу бүгүн, 3-июлдагы Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында "Мурас" фракциясынан депутат Бекболот Арзибаев билдирди. 
 
Анын айтымында, Ош шаардык кеңешинин экс-төрагасы Салман Назылбековго тиешелүү делген "Дархан" чайканасы сквердин жерине эле курулуп калган.
 
"Ал киши өзү мээнет кылып мамлекеттик акты жасап, сатып алган болсо мейли эле. Сквердин жерин басып алган да. Ал мыйзамдуубу?",- деди ал.
 
Курулуш тармагы боюнча вице-мэр Замир Юсупов: "Мыйзамдуубу же мыйзамсызбы – ал боюнча укук коргоо органдары маалымат берсе жакшы эле. Биз азыр тактоо иштер жүрүп жатат",- деди ал.
 
Сессияди шаардын Курманжан датка жана Г.Айтиев көчөлөрү кесилишкен жериндеги аялдамалардын жанын муниципалдык менчикке кайтарып алуу боюнча сот арыз берилгенин "Жаңы Кыргызстан" фракциясынан депутат Хулькар Исамова билдирди.
 
Анын айтымында, аталган жерлердеги жер тилкелери боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. 
 
Буга да жооп берген вице-мэр З. Юсупов: "Азыр сот процесстери жүрүп жатат. Кенен маалымат бере албайм",-деди.
 
Исамова эгер жер тилкелери муниципалдык менчикке кайтса, каттап алган адамдарга чара көрүлөбү деп сурады. 
 
Ош шаардык прокуратурасынын коррупцияга каршы күрөшүү жана кылмыштуулукту алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Шабдан Муратбеков мыйзамсыз документ жасаган тараптар чара көрүлөрүн белгиледи.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз