Ош шаарындагы Ленин көчөсү Алымбек датка деп өзгөрдү

 
Бүгүн, 3-июлда, Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында Ош шаарындагы Ленин көчөсүнө Алымбек датканын атын берүү маселеси күн тартибине коюлду.
 
Ош шаарынын географиялык объектисин кайра атоо боюнча маселеси депутаттар тарабынан колдоого ээ болуп, натыйжада Ленин көчөсү Алымбек датка көчөсу деп атала турган болду.
 
Бул чечимге Шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов бул тарыхый чечим болгонун айтса, вице-мэр Замир Юсупов депутаттарга бул тарыхый чечимди колдоп бергени үчүн ыраазычылык билдирди.
 
Өткөн айда Ош шаарынын борбордук аянтынан Лениндин эстелиги алынган. Анын ордуна 95 метрлик желек сап орнотула турган болгон.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз