Ошто муниципалдык инспекция түзүлөт
Ош шаардык мэриясынын структурасында жаңы муниципалдык ишкана негизделет. Ош шаардык муниципалдык инспекцияны түзүү тууралуу маселени бүгүн, 3-июль күнү Ош шаардык кеңешинин сессиясына коюлду.
Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев аталган инспекция түзүлсө, укук бузуулар боюнча айып пулдарды салат.
"Бул инспекциянын функционалдык милдеттери Укук бузуулар кодекси боюнча иштейт. Мисалга, жарандар таштандыларды туура эмес жерге төксө, "Тазалыктын" кызматкерлери таштанды контейнерлерин убагында тазалабай калса айыппул салышат. Штатында 12 адам болот, бюджеттен айлык-акысына деп 3,5 млн сом коротула турган болууда. Айыппулдан жылына 50 млн сомго чейин акча түшөрү күтүлүүдө. Биз бул инспекцияны бюджетти көбөйтүү максатында эмес, укук бузууларды жок кылуу, тартипке чакыруу максатында негиздейли деп жатабыз",-деди Жунусбаев.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов Бишкек шаарында инспекциянын 80 кызматкери бар экенин, дагы 20 кызматкер керек болуп жатканын, айыппулдун жылына 105 млн акча түшөрүн, мындай инспекция Жалал-Абадда да бар экенин белгиледи.
"Милдет" фракциясынан депутат Мелис Обозов: "Испекция болуп түзүлгөн болсо, кызматкерлерине атайын рангдар берилеби?",-деп сурады.
Ош мэриясынын аппарат башчысы Масуда Айдарбекова инспекциянын кызматкерлери муниципалдык кызматкер болуу менен бирге атайын рангдар берилерин билдирди.
Сунуш жана талкуудан кийин депутаттар колдоп беришти.
Фото: Бишкек шаардык муниципалдык инспекциясынын кызматтык автоунаасы
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.