Ош шаарын таза сууга болгон баа көтөрүлдү
Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев тарифтерди көтөрүү менен эл аралык насыяларды ишкана өзү төлөрүн билдирди.
“Тарифтер көтөрүлсө, ишкана жылына эл аралык насыяга төлөнүүчү 36 млн сомду өздөрү жабат. Жылына суу чыгаруу үчүн казылган чуңкурларга 50 млн сом мэриядан бөлүнсө, эми булар өздөрү кылат",- деди Жунусбаев.
Жаңы тарифке ылайык:
- Эл - 1 метр кубуна 10 сом 32 тыйында төлөп келсе, эми 12 сом 96 тыйын төлөйт. Демек баа – 2 сом 64 тыйынга жогорулайт;
- Коммерциялык – 1 метр куб 34 с 78 тыйын болсо, эми 44 сом 82 тыйын болот. Демек баа – 10 сом 14 тыйынга жогорулайт.
Натыйжада Ош шаардык кеңеши аталган маселени колдоду.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.