Аптанын аягында аптаптуу ысык басаңдайт,- синоптик
Учурдагы божомолдор боюнча, ысык аптаптын басаңдашы кийинки аптанын башында башталат, бирок олуттуу суук түшүү күтүлбөйт. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Кыргызгидрометтин аба ырайын божомолдоо бөлүмүнүн башчысы Нуризат Дооранова билдирди.
Буга чейин Кыргызгидромет аномалдык ысык боюнча эскертүү тараткан. Маалыматка ылайык, 3-5-июль күндөрү Чүй облусунун өрөөнүндө абанын температурасы +35...+40° чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +36...+41°, ал эми Талас облусунда +33...+38° чейин көтөрүлөт.
Синоптик бул температуралар мурдагы жылдары катталган максималдуу көрсөткүчтөргө жакын болушу мүмкүн экенин белгиледи.
«Кыргызстан азыр антициклонунун таасири алдында турат — бул жогорку басымдын облусу болуп саналат, ал булуттуулуктун жана муздак аба массаларынын киришине тоскоол болот. Мунун натыйжасында аба ырайы ачык, шамалсыз болуп, абанын активдүү ысып кетиши башталат», — деп түшүндүрдү ысык аптаптын себептерин Дооранова.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.