Орусия дүйнөдө алгачкылардан болуп Ооганстан Ислам Эмиратын расмий тааныды

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Москва Ооганстан Ислам Эмиратын расмий тааныганын билдирди. Бул тууралуу ошондой эле Орусия президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов маалымдады, жазат "CentralAsia".

«Бул чечим Орусия Федерациясынын президенти тарабынан Тышкы иштер министринин сунушу боюнча принципиалдуу түрдө кабыл алынды. Ал Орусиянын Ооганстан менен толук кандуу өнөктөштүктү орнотууга чын жүрөктөн умтулуусун көрсөтөт», — деди Кабулов «Россия-1» телеканалынын түз эфиринде.
 
ТАСС агенттигинин маалыматына ылайык, «Талибан» кабыл алган  Ооганстандын желеги Москвадагы элчиликке илинди.
 
Reuters агенттиги белгилегендей, Орусия — «Талибан» 2021-жылы өлкө бийлигине келгенден кийин, Ооганстандагы «Талибандын» бийлигин расмий түрдө тааныган дүйнөдөгү биринчи мамлекет болуп калды.
 
«Талибан» кыймылы Ооганстанда 2021-жылдын августунда кайра бийликке келген. Орусия «Талибан» менен дипломатиялык мамиле түзө баштап, быйыл май айында аны террористтик уюмдардын реестринен чыгарган.
 
Кечээ Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин орун басары Андрей Руденко Ооганстандын жаңы элчиси Гул Хасандын ишеним грамотасынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Орусия апрель айында Ооганстандын өкүлчүлүгүнүн деңгээлин убактылуу ишенимдүү өкүлдөн элчиликке көтөргөн. Буга чейин Ооганстан өлкөдө убактылуу ишенимдүү өкүл деңгээлинде гана көрсөтүлүп келген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз