Израил хуситтерге каршы аскердик операция баштаганын жарыялады
Иллюстрациялык сүрөт.
Израилдин Куралдуу күчтөрү Йемендин хуситтерине каршы «Кара желек» аттуу аскердик операцияны баштады. Бул тууралуу N12 телеканалы билдирди, деп жазат "CentralAsiа".
Израил сокку урган объекттердин катарына Ходейда, А-Салаф жана Рас-Исса порттору кирет. Мындан тышкары, бир нече жыл мурда хуситтер тарабынан басып алынган Galaxy Leader кемеси жана Рас-Кантибдеги электр станциясы да соккуга учураган.
Al-Arabiya маалымдагандай, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Вашингтонго учуп баратып, учагынан хуситтерге каршы операцияны көзөмөлдөп жатат.
«Сокку хуситтер террордук тобунун Израилге, анын жарандарына жана өлкөдөгү жарандык инфраструктурасына бир нече жолу жасаган кол салууларына жооп катары жасалды. Алар Израил аймагына багытталган учкучсуз аппараттарды жана «жер-жер» класстагы ракеталарды учурган», — деп айтылат Израил армиясынын билдирүүсүндө.
6-июлда йемендик хуситтер Тель-Авивдеги Бен-Гурион аэропортуна гиперүндүү баллистикалык ракета учурганын жарыялашкан. Израил аскерлери ракетаны тосуп алганын маалымдашкан, бирок өлкөнүн айрым аймактарында аба чабуулуна каршы сиреналар иштеген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.