Атаандаштарын 43:0гө жеңген: Хасан Гасанов Азиянын чемпиону болду

Кыргызстандык спортчу Хасан Гасанов 15 жашка чейинки спортчулар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону болду.

Мелдеш ушул күндөрү Бишкек шаарында өтүп жатат. Кыргыз спортчусу 5-июлда 85 килограммга чейинки салмак даражасында күч сынашып, анда жалпысынан 7 спортчу катталган.
 
Гасанов 5 беттеш өткөрүп, баарында да мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишти. Жалпы эсеп 43:0 болуп, 5 беттешке болгону 5 мүнөт 15 секунда сарптаган.
 
85 кг чейин
 
Биринчи айлампа
Хасан Гасанов — Мохаммад Махммуд Якоб Аль-Зуби (Иордания) — 9:0, 53 секундда
 
Экинчи айлампа
Хасан Гасанов — Сураж Шарма (Индия) — 8:0, 29 секундда
 
Үчүнчү айлампа
Хасан Гасанов — Мухаммад Зайниддинзода (Тажикстан) — 8:0, 1 мүнөт 11 секундда
 
Жарым финал
Хасан Гасанов — Умарбек Рамазонов (Өзбекстан) — 9:0, 1 мүнөт 40 секундда
 
Финал
Хасан Гасанов — Ислам Малик (Индия) — 9:0, 1 мүнөт 2 секундда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз