Улуттар аралык кастыкты козутууга шектүү жаран кармалды

Улуттар аралык кастыкты козутууга шектүү жаран Бишкек шаарынан кармалып,Ош шаарына алынып келинди. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарында жашынып жүргөн жеринен улуттар аралык кастыкты козутууга шектүү катары Ош шаарынын тургуну, 1989-жылы туулган М.Ш. кармалып келинди. 
 
«Ал жасаган кыймыл-аракети үчүн изделип жаткандыгын билип, Бишкек шаарына из жашыруу үчүн качып кеткен. Милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында анын Бишкек шаарындагы дареги такталып, кармалды. Кечээ күну Ош шаарына алынып келинди. Ал жеке инстаграмм баракчасы аркылуу мыйзамсыз чакырыктарды жасаганы үчүн шектүү катары кармалып, анын кыймыл аракетине баа берүү үчүн Ош ШИИБдин тергөө кызматына өткорүлүп берилди.»,- деп айтылат маалыматта.
 
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз