Камчыбек Ташиев Оштун мэрине Changan X5 Plus автоунаасын белекке берди

Бүгүн, 9-июль күнү Минстрлек кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында өткөрүлгөн жыйындан кийин Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге автоунаа тапшырды.

“Урматтуу жетекчилер, акимдер да бул жерде? Акимдер да турасыңар, ээ? Мына бул автоунааны урматтуу президентибиз Садыр Нуркожоевич “жакшы иштегени үчүн” деп Ош шаарынын мэрине белекке берди. Ош шаарынын мэринин бүгүнкү күндө жасаган жумуштары президентибизге жагып жатат. Президентибиз айтып жатат: “башка мамлекеттик кызматкерлерге да үлгү болсун, аларга да берели”,- деди. Бергенде да бул белекти урматтуу президентибиз, “жеке өзүнө берилсин” деп жатат. “Менчик катары берем, ушуну жеткизип кой” деп менден суранып жатат. 

Сизге рахмат, ишиңиз ийгиликтүү болсун, ден соолукта болуңуз, жакшы иштеңиз, ээ?! Мындай кийин да жакшы иштеңиз. Жылдан бирден белек алып турсаңыз жакшы болот”,- деди Ташиев. 

Андан ары УКМКнын төрагасы Changan X5 Plus автоунаасынын ачкысын Жеңишбек Токторбаевге чакырып,  “мамлекет башчы – президент кубана турган иштерди жасоо бардык мамлекеттик кызматкерлерге буйруган болсун”,-  деди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз