Нурлан Мотуев 5 суткага камалды

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 9-июлда Нурлан Мотуевге карата чечим чыгарды.

Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы маалымдагандай, 8-июлда милиция кызматкерлери Мотуев менен профилактикалык иш-чараларды өткөрүп жаткан учурда, ал укук коргоо органдарынын кызматкерлерин сөгүп, уят сөздөрдү айткан. Ушуга байланыштуу ага карата Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча протокол түзүлгөн.
 
Свердлов райондук соту аны күнөөлүү деп таап, 5 суткага камакка алуу чечимин чыгарды.
 
Бул Мотуевдин алгачкы кармалуусу эмес.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз