Баласын жоготкон эне 12 жылдан кийин баласын балдардын абагынан тапты
Панфилов районунун Вознесеновка айылындагы өспүрүмдөр үчүн №14 тарбиялоо колониясында таасирдүү жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти, деп жазат "Сводка АКИпресс".
Маалыматка караганда, мекемедеги өспүрүмдөрдүн бири 12 жылдан кийин биринчи жолу өз апасын көрдү. Ал абакка түшкөнгө чейин балдар үйүндө тарбияланып, апасы менен эч байланышта болгон эмес.
«Иш-чара мекеменин тарбиялоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, үй-бүлөлүк байланышты калыбына келтирүүгө жана моралдык колдоо көрсөтүүгө багытталган. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы камакта отургандардын руханий абалына жана коомго ыңгайлашуусуна өзгөчө көңүл бурат. Эне мээримин эч нерсе алмаштыра албайт», — деп билдиришти маалымат кызматынан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.