Баткенде эки күндөн бери дайынсыз боулп жаткан келиндин сөөгү арыктан табылды
Иллюстрациялык сүрөт
Баткен облусунун Кадамжай районунда дайынсыз жоголгон 33 жаштагы аялдын сөөгү арыктын ичинен табылды. Бул маалыматты Баткен облустук милициясы тастыктады, деп жазат "Т-Медиа".
Бул маалымат Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Маалыматка караганда, каза болгон аял Ак-Турпак айыл аймагына караштуу Орукзар айылынын тургуну, алты баланын энеси болгон. Анын сөөгү бүгүн, 10-июлда, түнкү саат 02:00 менен 03:00дүн ортосунда арыктын ичинен табылган.
Ал болжолдуу эки күндөн бери дайынсыз болгон. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы териштирүү жүрүп жатканын, кошумча маалымат берилерин билдирди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.