Садыр Жапаров оңдоп-түзөөдөн өткөн Чыңгыз Айтматов проспекстисин көрдү
Президент Садыр Жапаров Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисин реконструкциялоонун аякташы менен таанышты. Бул тууралуу Президенттик администрациядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Садыр Жапаров бүгүн, 10-июлда, Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов проспектисинин Абсамат Масалиев проспектисинен Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгүн реконструкциялоо иштеринин аякташы менен таанышты.
Жаңыланган бөлүктүн жалпы узундугу 3 чакырымды түзөт.
«Мамлекет башчысына реконструкциянын натыйжасында жол ар биринин туурасы 4 метрден болгон алты тилкеге чейин кеңейтилгендиги маалымдалды. Бул борбор калаанын негизги магистралдарынын биринин ушул тилкедеги өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир топ жогорулатты.
Муну менен катар жөө жана вело жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөнү түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Көчөнүн эки тарабында тең кең тротуарлар жана веложолдор курулуп, бул экологиялык таза транспорттун өнүгүшүнө жана шаардыктардын активдүү жашоо мүнөзүн колдоого өбөлгө түзөт»,- деп айтылат маалыматта.
Проспектти көрктөндүрүү шаардык чөйрөнү жакшыртууга комплекстүү мамиле кылуунун логикалык уландысы болуп калды. Ондогон бак-дарактар жана декоративдик өсүмдүктөр отургузулуп, автоматтык сугаруу системасы менен жабдылган. Жолдун жүрүүчү бөлүгүнө, тротуарларга жана велосипед менен жүрүүчү жолдорго текши жарык берген, заманбап архитектуралык жарыктандыруу орнотулган. Бул өзгөчө караңгы убакта маанилүү.
Президент Садыр Жапаров шаардыктардын коопсуздугуна, ыңгайлуулугуна жана жашоо сапатынын жогору болушуна багытталган заман талабындагы инфраструктураны өнүктүрүү боюнча тутумдуу иштин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.