Трамп Орусия боюнча «олуттуу билдирүү» жарыяларын билдирди
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия тууралуу олуттуу билдирүү жасай турганын жарыялады. Бул тууралуу ал NBC News телеканалына берген маегинде билдирди. Бирок ал билдирүүнүн мазмуну тууралуу кенен маалымат берген жок, деп жазат "CentralAsia".
«Орусия боюнча чоң билдирүү жасайм деп ойлойм, дүйшөмбү күнү (14-июлда), — деди ал. — Мен Орусияга нааразы болуп жатам. Ал дагы бир-эки жумада эмне болорун көрөбүз», — деп кошумчалады.
3-июлда АКШнын президенти менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшкөн. Бул маектен кийин Трамп Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды жөнгө салууда эч кандай жылыш боло албаганын айткан.
7-июлда Трамп Украинага негизинен коргонуу мүнөзүндөгү кошумча курал-жарак берүүнү чечкенин жарыялады.
«Путин бизге бир топ "жаман нерсени" ыргытып жатат», — деп айткан АКШ президенти үч күн мурун министрлер кабинетинин жыйынында. Ал Вашингтондун тынчтык келишимине жетүү аракеттерине карабай, Кремлдин позициясына нааразы экенин белгилеген.
10-июлда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) саммити учурунда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуудан кийин Рубио Москва орус-украин согушун токтотуу боюнча кандайдыр бир «жаңы ыкма» сунуштаганын, бирок анын чоо-жайы ачыкталбаганын билдирди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.