Ош – Кара-Суу жолу эки багытта эки тилкелүү болуп курулат

 
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев иш сапары менен Кара-Суу районуна барып, Ош – Кара-Суу автоунаа жолунун оңдоп-түзөө иштерине карата даярдыктарды жеринде көрдү. Иш сапардын алкагында жаңы жолдун болжолдуу долбоору талкууланып, кошумча сунуш-пикирлер айтылды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан кабарлашты.
 
Буга чейин Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында өткөн жыйында аталган автоунаа жолунун курулушу жакын арада башталарын маалымдаган.
 
Ушул билдирүүгө ылайык, облус жетекчиси Эльчибек Джантаев тиешелүү жетекчилерге долбоорду кыска мөөнөттө бүтүрүү жана ишке ашырууга байланыштуу конкреттүү тапшырмаларды берди.
 
Болжолдуу долбоорго ылайык, Ош – Кара-Суу жолу эки багытта эки тилкелүү болуп курулат. Жолдун эки тарабында велосипед жолдору жана жөө адамдар үчүн тратуарлар салынат. Ошондой эле заманбап жарыктандыруу системасы орнотулуп, жолдун ортосу көрктүү гүлзарлар менен кооздолот.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз