Окумуштуулар тарыхтагы эң ири кара тешиктердин бирикмесин аныктады
Изилдөөчүлөр буга чейин катталган эң чоң кара тешиктердин биригүүсүн аныкташты, ал окуя Саманчынын жолу системасынан тышкарында болгон. Бул тууралуу The Guardian басылмасы кабарлайт, деп жазат "CentralAsia".
Бул окуядан улам мейкиндик-убакытта пайда болгон толкундарды гравитациялык толкундарды аныктоочу LIGO детекторлору 2023-жылдын ноябрында Вашингтондо жана Луизианада каттаган.
Окумуштуулар бул сигнал болжол менен 10 миллиард жарык жылы алыстыктан келгенин жана эки кара тешиктин кагылышуусунан улам жаралганын аныкташкан. Алардын массалары тийиштүү түрдө 103 жана 137 Күн массасына барабар болгон. Натыйжада пайда болгон жаңы кара тешиктин массасы 265 Күн массасына жеткен жана бул биригүү азыркыга чейин катталган эң ири окуя болуп эсептелет.
LIGO илимпоздорунун айтымында, мындай оор кара тешиктер буга чейинки башка биригүүлөрдүн натыйжасында жаралышкан болушу мүмкүн. Детекторлор "жоголуу фазасы" деп аталган учурду да катташкан — бул жаңы жаралган кара тешиктин “уну жаңырып”, акырындап туруктуу абалга келген учуру. Жерге жеткен гравитациялык толкундар протондун туурасынан миң эсе кичине термелүүлөрдү пайда кылган.
Кардифф университетинин профессору Марк Ханнамдын айтымында, бул — гравитациялык толкундар аркылуу катталган эң оор кара тешиктер.
Ал эми 2025-жылдын февралында эл аралык изилдөөчүлөр тобу эң жарык жана рекорддук ылдамдыкта өсүп жаткан супермассивдүү кара тешикти аныкташты.
Бул кара тешик Күндөн 17 миллиард эсе оор болуп чыккан жана күнүнө Күндөгүдөй көлөмдөгү затты жутуп турат. Ага тартылган зат абдан чоң көлөмдө энергия бөлүп чыгарат.
Илимпоздор жакынкы убакта GRAVITY+ аттуу жабдуунун жардамы менен бул кара тешиктин массасын түздөн-түз өлчөп, анын өз огундагы айлануусун көзөмөлдөөнү пландашууда. Бул кара тешиктердин массасы менен алардын жарык берүү дараметинин ортосунда кандай байланыш бар экенин талдоого жардам берет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.